Сыпаттамасы
М2М деген эмне?
М2М (machine-to-machine) – бул кишинин катышуусуз бири-бири менен маалымат алмашуу, же маалыматты бир тараптуу берүү сыяктуу өз алдынча иштегенге жөндөмдүү түзүлүштөрдүн технологиясы болуп саналат.
Мисалы алар
Автосигнализация
Коргоо тутуму
Акылдуу эсептегичтер
Терминалдар
Банкоматтар
Онлайн-кассалар
IP-камералар
Автомобилдик GPS-трекерлер жана башка акылдуу тутумдар болушу мүмкүн
«О!» Мобилдик операторунун M2M SIM-картасы – бул көп жүктөмдү көтөрө ала турган, татаал климаттык же өндүрүштүк шарттарда туруктуу байланышты камсыздоочу атайын SIM-карта болуп саналат:
-50 °Сдан +105 °Сга чейинки температурада
Жогорку нымдуулукта;
Чаңдуулукта же 5 Гцтен 500 Гцке чейинки вибрацияда;
Электростатистикалык разряддардан коргоо менен иштейт;
Коррозияга каршы өзгөчөлүктөрү бар.
Тарифтер жана баасы
Абоненттик төлөм
30 күнгө 50 сом;
90* күнгө 140 сом;
180* күнгө 280 сом;
360* күнгө 490 сом.
* Шарттардын жаңылануусу ар 30 күн сайын
Интернет
200 МБ, андан нары төмөндөтүлгөн ылдамдыктагы акысыз
чексиздик
Түйүн ичинде чалуулар
10 мүнөт
Түйүн ичинде SMS
100 SMS
- КРнын бардык мобилдик түйүндөрүнө 1 SMS – 1,5 сом
- О! түйүнүндө чалуулар – 1,18 сом
- КРнын мобилдик операторлоруна чалуулар – 2,8 сом
- КРнын дайындуу байланыш операторлоруна чалуулар – 5,99 сом
- ««Кыргыз Темир Жолу» УК» МИ дайындуу номерлерине чалуулар – 7,49 сом
- Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КРнын дайындуу байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн 1 мүнөтү – 5,99 сом.
Абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен
көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен,
СС кошпой көрсөтүлдү;
КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын
(бренд «Megacom»), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline»),
«КТ Мобайл» ЖЧКсынын (бренд SALAM) номерлери кирет.
Номерлерди башкаруу
Бардык акылдуу түзүлүштөрдүн SIM-карталарынын номерлерин «Менин номерлерим» тобуна кошуңуз да, аларды бир тиркемеден башкарыңыз!
Муну жасоо оңой!
- «Мой О!» тиркемесин ачыңыз жана «Менин номерлерим» вкладкасын тандаңыз;
- «Номерди кошууну» басыңыз жана аны киргизиңиз;
- SIM-картанын PIN2 кодун киргизиңиз;
- Даяр! Номер «Менин номерлерим» тобуна кошулду.
Тарифке кантип кошулса болот?
Каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөндөрүнөн кошулса болот. Атайын M2M SIM-картасынын баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 100 сом.