Сыпаттамасы

М2М деген эмне?

М2М (machine-to-machine) – бул кишинин катышуусуз бири-бири менен маалымат алмашуу, же маалыматты бир тараптуу берүү сыяктуу өз алдынча иштегенге жөндөмдүү түзүлүштөрдүн технологиясы болуп саналат.

Мисалы алар

Автосигнализация

Коргоо тутуму

Акылдуу эсептегичтер

Терминалдар

Банкоматтар

Онлайн-кассалар

IP-камералар

Автомобилдик GPS-трекерлер жана башка акылдуу тутумдар болушу мүмкүн

«О!» Мобилдик операторунун M2M SIM-картасы – бул көп жүктөмдү көтөрө ала турган, татаал климаттык же өндүрүштүк шарттарда туруктуу байланышты камсыздоочу атайын SIM-карта болуп саналат:

-50 °Сдан +105 °Сга чейинки температурада

Жогорку нымдуулукта;

Чаңдуулукта же 5 Гцтен 500 Гцке чейинки вибрацияда;

Электростатистикалык разряддардан коргоо менен иштейт;

Коррозияга каршы өзгөчөлүктөрү бар.

Тарифтер жана баасы

Абоненттик төлөм
30 күнгө 50 сом;
90* күнгө 140 сом;
180* күнгө 280 сом;
360* күнгө 490 сом.
* Шарттардын жаңылануусу ар 30 күн сайын

Интернет
200 МБ, андан нары төмөндөтүлгөн ылдамдыктагы акысыз чексиздик

Түйүн ичинде чалуулар
10 мүнөт

Түйүн ичинде SMS
100 SMS

Кызматтардын топтомдон тышкары тарификациясы
  • КРнын бардык мобилдик түйүндөрүнө 1 SMS – 1,5 сом
  • О! түйүнүндө чалуулар – 1,18 сом
  • КРнын мобилдик операторлоруна чалуулар – 2,8 сом
  • КРнын дайындуу байланыш операторлоруна чалуулар – 5,99 сом
  • ««Кыргыз Темир Жолу» УК» МИ дайындуу номерлерине чалуулар – 7,49 сом
  • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КРнын дайындуу байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн 1 мүнөтү – 5,99 сом.

Абоненттик төлөмдүн баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (бренд «Megacom»), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline»), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын (бренд SALAM) номерлери кирет.

Номерлерди башкаруу

Бардык акылдуу түзүлүштөрдүн SIM-карталарынын номерлерин «Менин номерлерим» тобуна кошуңуз да, аларды бир тиркемеден башкарыңыз!

Муну жасоо оңой!

  • «Мой О!» тиркемесин ачыңыз жана «Менин номерлерим» вкладкасын тандаңыз;
  • «Номерди кошууну» басыңыз жана аны киргизиңиз;
  • SIM-картанын PIN2 кодун киргизиңиз;
  • Даяр! Номер «Менин номерлерим» тобуна кошулду.

Тарифке кантип кошулса болот?

Каалаган О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен же O!Store дүкөндөрүнөн кошулса болот. Атайын M2M SIM-картасынын баасы – бардык салыктарды эске алуу менен 100 сом.